“Өкмөт “Манас” аэропортун сатканы жатат” дейт депутат Дастан Бекешев

“Өкмөт “Манас” Эл аралык аэропортунун 51 пайызын сатууга аракет кылып жатат”,- деп билдирди ЖКнын депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 20-мартта өзүнүн интернет баракчасы аркылуу.

Айтымында, ал “Манас” аэропортун сатууга кескин түрдө каршы, себеби бул мекеме өлкөнүн стратегиялык жайы болуп эсептелинет. Эгер аталган аэропорт сатылып кетсе, Кыргызстан жалпы дүйнө менен байланышты жоготуп алышы мүмкүн экенин айтат.

“Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин позициясы мага таң каларлык болуп жатат. 2014-жылдын 19-февралында ал өкмөт менен орусиялык “Роснефть” ишканасынын ортосундагы меморандумга кол койгон. Ушул келишимге ылайык, “Манас” аэропортунун 51 пайызы орусиялык мекемеге сатылганы жатат”,- дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан