Өмүрбек Бабанов: “Азыр митинг өткөрүүнүн убагы эмес, биригүү зарыл”

Биздеги негизги демократиялык баалуулук – бардык бийликтин бир колго топтолбогондугу. Муну экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов саясий кырдаал боюнча өзүнүн кайрылуусунда билдирди.

“Көчө оппозициясы” деп аталгандарга кайрылгым келет. Митингдер - өлкө экономикасын көтөрүүдөгү негизги тоскоолдук. Азыр митинг өткөрө турган убак эмес, баары биригип, жаратмандык менен иштөө зарыл. Көп убактыбызды саясатка коротуп жатабыз. Азыр жаңы кадамдарды таштай турган учур. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү өлкө элитасынын жана бардык саясий топтордун негизги иши болушу шарт”,- дейт Өмүрбек Бабанов.

Экс-премьер: “Жаңы өкмөттүн так жана эффективдүү иш пландары болушу керек. Жаңы стратегия жана жол картасын жазып отурууга убакыт жок”,- дейт кайрылуусунда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан