Жаңы коалиция түзүү укугу КСДПга берилди

Парламентте жаңы коалиция түзүү укугу КСДП фракциясына берилди. Эми аталган фракциянын лидери башка фракциялардын башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүп, 15 күндүн ичинде жаңы коалиция түзүүгө аракет кылат. Эгер бул аралыкта жаңы коалиция түзүлбөсө, мандатты президент башка фракциялардын бирине берет. 

Мамлекет башчы бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев катышкан жолугушууда фракциялардын жетекчилери менен парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясын түзүү маселесин талкуулады.

Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясына парламенттик коалицияны түзүүдө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда бардык бийлик бутактары үчүн башкы милдет мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын cөзcүз ишке ашыруу экенин эске алууну сунуш кылды.

"Мамлекет башчы парламенттик фракцияларга парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүүдө жана коалициялык макулдашууга кол коюуда КРнын Конституциясын бекем сактоону да сунуштады. Коррупциялык тобокелчиликти эске алуу менен административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарды фракциялар ортосунда бөлүштүрүү боюнча азыркы ыкмадан баш тартып, коалициялык макулдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамын гана аныктоону сунуштады",- деп билдирет Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү.

Эскерте кетсек, “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы курамдан “Ата Мекен” фракциясынын чыгып кетишинен улам бузулган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан