21-мартта саат 12:00дөн 14:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган театрлаштырылган оюн-зоок өткөрүлөт. Учурда ага карата атайын даярдыктар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага Маданият жана туризм башкармалыгынын «Сувенир» орус ырлар ансамбли, «Акак» комузчулар ансамбли, «Алексис» бий-спорт клубу, Бишкек шаарынын мэриясынын элдик аспаптар оркестри, «Шаттык», «Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблдери менен катар «Таберик», «Улыбка», «Ассоль» чыгармачыл жамааттары жана Кыргызстандын белгилүү эстрада ырчылары катышышат.
Мындан сырткары Нооруз майрамы саат 12:00дөн тарта «Ататүрк», «Кара-Жыгач» эс алуу жайларында, «Манас айылы» комплекси менен жаңы конуштарда белгиленип, майрамдык концерттер, элдик оюн-зооктор уюштурулмакчы.
Ал эми саат 21:00дө майрамдын урматына «Ала-Тоо» аянтында фейерверк жана Орто-Сай айылына жакын Боз-Бөлтөк тоосундагы желек орнотулган каскактын (флагшток) жанында салют атылат.