Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 20-мартта ишембилик өткөрүштү. Эртеңки Нооруз майрамына карата парламент имаратынын айланасы тазаланганы белгилүү болду. ЖКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Ак үйдүн айлана-тегерегин тазалоого ЖКнын аппарат жана иш башкармалыгынын кызматкерлери да чыгышты.