Режиссёр Лира Асылбектин "Мекенге кызмат кылам" деген даректүү тасмасы Москва шаарында өтө турган XVI эл аралык детектив жана укук коргоо тематикасындагы телепрограммалардын "DetectiveFEST" фестивалына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Кинематографияны өнүктүрүү фонду маалымдады.
Маалыматка ылайык, тасманын фестивалга номинант болгонун аталган фестивалдын президенти Юрий Митюшин билдирип, режиссёрду ушул жылдын 16-20-апрелинде Москва шаарында өткөрүлө турган фестивалдык иш-чарага катышууга чакырган.
Аталган тасмада Нарын шаарындагы өмүр бою абакка кесилгендердин имаратында жашаган жаза аткаруу жайынын кызматкери тууралуу баяндалат.
Режиссёр Лира Асылбек Г.Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм окуу жайын, Кыргыз улуттук университетин жана Т.Бирназаровдун режиссёрлук курсун аяктаган.