Бишкектеги "Манас" аэропортун сатуу аракеттерине каршы бүгүн, 20-мартта Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү. Нааразычылык акциясына катышкан серепчи Азамат Акелеев “Манас” аэропортунун 51 пайызы сатылып кетсе, кыргыз тарап аны башкарууга мүмкүн болбой калат” деп билдирди.
Анын айтымында, “Манас” аэропортунун 51 пайызын сатуу өлкө кызыкчылыгына таптакыр каршы келет. “Жалпысынан биздин мекеменин орусиялык “Роснефть” ишканасына өтүү процесси ачык-айкын болушу керек болчу. “Манас” аэропорту стратегиялык мекеме болгондуктан, аны башка өлкөгө өткөрүү процесси алдын ала коомдо, Жогорку Кеңеште талкуудан жана ратификациядан өтүшү зарыл. Эгер өкмөт кайсы бир стратегиялык жайды сатууга муктаж болсо, анда ачык тендер жарыяланышы керек”,- дейт Азамат Акелеев.