Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо:
“Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын атынан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Нооруз байыркы чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы болгон. Ата-бабаларыбыз бул майрамды бекеринен майрамдап калган эмес. Анткени 21-мартта күн менен түн теңелет, жер жарылып чөп чыгып, желин айрылып сүт чыгат. Кардан кийин жайнап чыккан байчечекей менен бирге, жаздагы өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер да бүчүр жарат.
Ноорузда кош айдап, үрөн сепкен дыйкан мол түшүм тилегендей эле, элибизде ынтымак, жергебизде тынчтык болсун деп тилеп, аракет кылалы. Ылайым бүгүн ар кимдин жүрөгүнө жакшылыктын үрөнү себилсин!
«Жаздын бир күнү жылга тете» деген күжүрмөн эмгекти сүйгөн элибиз бул күнү ак эмгек менен алектенип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошолу.
Бардык майрамдардын көркү болгон ак сакалдуу аталар менен ак элечек энелер ар дайым төрүбүздө отурсун!
Бул күнү жерибизди жамандыктан аластап, элибизге береке-кут тилейли!”- деп айтылат.