Бишкекте "Манас" аэропортун Орусияга сатуу аракетине каршы митинг өттү 

Бүгүн, 20-мартта өкмөттүн имаратынын алдында “Манас” аэропортун Орусияга сатуу аракеттерине каршы жарандык активисттер митинг өткөрүштү. 

Иш-чара башталганда вице-премьер-министр Токон Мамытов Өкмөт үйүнө кирип баратып пикетчилер менен жолугушту. Аталган маселеге тиешеси жоктугун айткан Мамытов "макул, айтып көрөм" деп кирип кетти.

Акциянын жүрүшүндө "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жоомарт Оторбаев Орусияга “Манас” аэропортунун акцияларын сатуу боюнча меморандумга кол койгондугу үчүн жоопко тартылсын” деп билдирди.

Иш-чарага катышкан ЖКнын депутаты Дастан Бекешев: “Америкалык авиабаза кетсе да, "Манас" аэропорту кирешелүү болуп саналат. Өкмөт биздин стратегиялык жайды сатуу боюнча маселени парламенттин талкуусунан өткөрүшү керек болчу”,- деп белгиледи.

Акцияга Жоомарт Оторбаевдин келери айтылган, бирок ал келген жок. 

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 19-февралында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев КРнын Өкмөтү менен орусиялык “Роснефть” ишканасынын ортосундагы меморандумга кол койгон. Ушул документке ылайык, “Манас” аэропортунун 51 пайыздык акциясын сатууга аракет болуп жатканы айтылууда.

Бишкекте митинг. Алар "Манас" аэропортун орусиялык ишканага сатууга каршы чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан