Бүгүн, 20-мартта Ош шаардык сотунда мэр шайлоодон кийин өлкө башчынын сүрөтүн өрттөгөн
Абдылда Капаровдун соттук отуруму 2-апрелге жылдырылды. Соттук отурумду судья
Токтосун Жоробеков карады. Сот процессинин жылдырылышы с
оттолуп жаткан жарандын тарапташтары келбей калгандыгына байланыштуу болду. Эске салсак, 15-январда Ош шаарында өткөн мэр шайлоодон кийин борбордук аянтта митинг өткөн. Анда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл облустук администрациянын имаратына кирүүгө аракет кылган. Ошондой эле Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.