Жантөрө Сатыбалдиев: "Нооруз майрамында баарыңарга адам байлыгы  ден соолукту, үй байлыгы – наристенин күлкүсүн каалайм"

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 20-мартта өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. 
"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жаздын алгачкы деми менен жашообузга, жеке жан дүйнөбүзгө кут ыроологон, жакшы үмүт- тилектерди жүрөгүбүзгө түнөткөн, аруулук менен тазалыктын, жаңыруу менен жашаруунун илебин алып келген Нооруз майрамыңыздар менен өкмөттүн жана өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Элибиздин эзелтен уланып келген жашоосунда бул майрамыбыздын ээлеген орду өтө зор, өтө бийик, өтө ыйык! Анткени Нооруз майрамы - адам жан дүйнөсүнүн майрамы, адам менен табияттын гармониясынын майрамы, бул майрам ыймандык тазаруу менен аруулануунун майрамы. Ушул Улустун улуу күнү күн менен түн теңелип, табият менен адамдын ички сезимдери жуурулушуп, ар бир адам өзүнө жакшы ниет, жакшы ырысты тилейт.

Илгери ата-бабабыз бул күндү жаңы күн, жаңы жашоо башталышы деп эсептеп келген. Анткени бул майрамдын терең символу, бийик максаты бар. Нооруз – жаңы күндүн башталышы, ал жаңы күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталган. Баба дыйкан аштык айдап, үрөн сээп, жер менен сырдашкан. Түнү бою апаларыбыз даярдап чыккан сүмөлөк адамдарга күч-кубат берип, жаңы жигерди жараткан.

Нооруздун эң башкы касиети – элди ынтымакка, достукка, ырашкерликке, боорукерликке, кечиримдүүлүккө үндөп келген. Жер жарылып көк чыгып, дыйкан кутман талаага болочок түшүмдүн үрөнүн сээп, мол түшүмдү, токчулукту тилеген.

Урматтуу мекендештер!

Ушул касиеттүү майрамда баарыңыздарга адам байлыгы – ден соолукту, үй байлыгы – наристенин   күлкүсүн, жашоо байлыгы – бакытты, ыйман байлыгы – тазалыкты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты, мамлекет байлыгы – туруктуулукту каалайм!

Нооруз майрамыбыз кут болсун!"- деп айтылат куттуктоодо. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан