Өмүрбек Текебаев: "Ата Мекен" оппозицияда калышы мүмкүн"

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаевдин көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына беришин туура чечим деп эсептейт. Муну “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Өкмөт улам алмашып туруучу өзгөчөлүккө ээ экенин, ал эми өлкө президенти “туруктуулук өбөлгөсү” болуп санала турганын эске алганда, ошондой эле Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жүрүмүн улантуу максатында президенттин парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына бергени туура чечим болду”,- дейт Текебаев.

Депутат жакын арада КСДП фракциясы башка фракциялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын, анын жыйынтыгын азыртадан айтуу эрте экенин билдирди. Эл өкүлү “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда да калышы мүмкүн экенин кошумчалады. Бирок депутаттын пикиринде, оппозицияда калабы же жокпу, ал маанилүү эмес, эң башкысы, эл үчүн иштесе болду. Маалыматты бүгүн, 20-мартта ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан