Токиодо “Борбордук Азия+Япония” диалогунун 8-отуруму болуп өттү

19-мартта Токиодо “Борбордук Азия+Япония” диалогуна катышкан өлкөлөрдүн 8-отуруму болуп өттү. 

Кыргызстандык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев жетектеп барганы белгилүү болду. Жолугушууда өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте болуп өткөн 7-отурумда козголгон айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун 10 жылдык мааракесине карата Кыргызстанда тышкы иштер министрликтеринин кеңешмесин өткөрүүгө даярдануу боюнча маселелер талкууланды. Маалыматты 20-мартта КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Аталган иш-чаралар быйыл жайында Кыргызстанда өтө турган Борбордук Азия жана Япония өлкөсүнүн тышкы иштер министрлеринин кеңешмелерин ийгиликтүү өткөрүп алуу жана ага даярдыктарды көрүүгө багытталыптыр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан