“Республика” фракциясы "жаңы өкмөт партиялык принципте гана эмес, кесипкөй кадрлардан түзүлүшү керек" дейт

Жаңы өкмөттүн курамы партиялык принципте гана эмес, кесипкөй адистерден түзүлүшү керек. Парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов ушундай пикирде.

Анын билдиришинче, коалициялык көпчүлүктү түзүү менен катар өкмөттүн курамын түзүү маселеси да каралат. “Парламенттеги фракциялардын баары эле көпчүлүк коалицияга кирүүдөн баш тартпайт болушу керек” деген ойдо “Республиканын” лидери. Бул фракциядан өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги көрсөтүлө турганы көбүрөөк айтылууда. Маалыматты ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-мартта көпчүлүк коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына тапшырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан