КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Сауд Арабиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Абдуррахман бин Саид бин Мухаммед Аль Жума мырза менен жолугушту. Бул тууралуу 20-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки мамлекет ортосунда айыл чарба тармагы боюнча кызматташуу жөнүндө пикир алышты.
Сауд Арабия падышалык мамлекетинин ыйгарымдуу өкүлү Кыргызстандын экологиялык жактан таза кой этинин продукцияларын Арабияга экспорттоону сунуштады. Ошондой эле элчи Кыргызстандан жылына 1 миллиондой баш койдун этин алууга даяр экенин белгиледи.
Тараптар жолугушуу айыл чарба тармагы боюнча эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун бекемдей тургандыгын белгилешти.