Кыргызстан Крымдагы референдумду легитимдүү деп эсептейт

Кыргыз Республикасы Крымда 16-март күнү өткөн референдумду легитимдүү деп эсептейт. Бул тууралуу 20-мартта КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
"Кыргызстан Украинадагы азыркы каатчылык ойлонулбай жасалган кадамдардан жана коррупциялашкандыктан келип чыкты деген позицияда келе жатат. Ал эми референдумдун жыйынтыгы элдин эркиндикке болгон умтулуусун далилдейт. 
Кыйын учурда өлкөнүн тагдырына жоопкерчилик алган саясатчылардын кадамдары маанилүү болуп саналат. Бардык кабыл алынган чечимдер Украинадагы стабилдүүлүк үчүн болушу керек. 
Эки революцияны баштан кечирген Кыргызстан тараптарды эл аралык укуктар жана Бириккен Улуттар Уюмунун жоболоруна ылайык иш алып барууга чакырат" деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Крымда 16-мартта өткөн референдумда шайлоочулардын 96,6 пайызы добуш беришкен. Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу 82,71 пайызды түзүп, крымдыктар Орусияга кошулуу ниетин билдиришкен. Ал эми Орусия бийлиги жаңы аймакты кошуп алуу боюнча документтештирүү иштери тез арада жүрө турганын билдирген эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан