Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркуловго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Башкы прокуратуранын изилдөөсүнөн кийин бул иш сотко өткөрүлмөкчү. Маалыматты 20-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголгон. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө.