АКШ Украинага аскердик жактан кийлигишпейт, бирок Орусияга басымды күчөтөт

АКШ Украинада аскердик аракеттерди жасабайт, бирок Орусияга карата экономикалык санкцияларды кеңейтиши мүмкүн. Муну АКШнын президенти Барак Обама чет элдик маалымат булактарына билдирди.

"Украинага аскердик жактан кийлигишүүгө аракет кылбайбыз, башка жолдор бар. Орусия менен биздин аскердик каршы турушубуз орунсуз экенин жана Украинага пайда алып келбей турганын украиналыктар жакшы түшүнүшөт",- дейт Обама.

АКШ Орусиянын аракеттерине аскердик жооп кайтаруу маселесин карабаганы менен, кошумча экономикалык санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин кошумчалады ал.

“Бардык дипломатиялык ресурстарыбызды колдонуп, бизде күчтүү эл аралык коалиция бар экенине ынандырабыз. Украина өз тагдырын өзү чечиши керек. Эгер Орусия азыркы багытын өзгөртпөсө, биз басымды катуулатабыз”,- деди АКШ президенти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан