Садридин Мажитов Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду. С.Мажитов (сүрөттө) 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалганын муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 23-январында шаар казылыгына Чубак ажы Жалилов дайындалып, бирок эртеси кайра бошотулган эле. Андан кийин Ч.Жалилов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.