20-мартта “Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” жана “Бишкек - Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлору боюнча кыргыз өкмөтү менен Евразия өнүктүрүү банкынын "Каатчылыкка каршы" фондунун башкармалыгы ортосунда келишимге кол коюлду.
Документтерге каржы министринин милдетин аткаруучу Ольга Лаврова жана Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Игорь Финогенов кол коюшту.
Маалыматка ылайык, “Бишкек - Ош унаа жолун реконструкциялоо. Фаза VI” долбоорлоруна ЕӨБ жалпы суммасы 60 миллион доллар каражатты 20 жылга жылына 1 пайыз үстөгү менен насыяга берет. Жеңилдетилген убакыт - 8 жыл. Бул каражатка Бишкек - Ош жолундагы Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки 67 чакырым унаа жолу оңдолот.
“Кыргызстанга айыл чарба техникасы үчүн каржылоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн аталган банк 20 миллион долларды 20 жылга жылына 1 пайыз үстөгү менен насыяга берет. Жеңилдетилген убакыт - 8 жыл.
Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба техникаларын сатып алууга, кийин айыл чарбалык субъектилерине лизингге берүү үчүн колдонулат.
Аталган келишим Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.