2014-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциядагы өсүштүн деңгээли 5,9 пайызды түздү

КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 2014-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукциядагы (ИДП) өсүштүн деңгээли 5,9 пайызды түздү. Бул 2013-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 3,5 пайыздык пунктка төмөн. Ал эми ИДПнын акчалай туюнтуусунун деңгээли 42,2 миллиард сомго барабар болууда.

“Кумтөр” кен чыгаруучу ишканасын эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 5,2 пайыз (2013-жылдын январь-февралында 6,5 пайыз), өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнүн натыйжасында 3,4 пайыз ("Кумтөрсүз"), айыл чарбасында - 1 пайыз, курулушта - 34,4 пайыз, кызмат көрсөтүүлөрдө 3,6 пайызга барабар болгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан