Ырчы Назми 20-мартта шаардагы караоке-клубдардын биринде санаалаштарынын курчоосунда 36-жазын тосуп, туулган күнүн белгиледи.
Туулган күнгө ырчынын туугандары, кайын журту, аяштары жана чыгармачылыктагы достору Эльмара Турсуналиева, Мирлан Жетигенов, Айгүл Чалова жана башкалар келип, ырдап-бийлеп туулган күн ээсине жагымдуу маанай тартуулашты.
“Өзүбүздүн репертуардан башка ырларды ырдап, бийлеп, өтө шаңдуу отурдук. Мага өзгөчө жездем, күйөө балам жана эки досумдун жоолук салынып, беттерин боёп алышып бийлеп беришкени жакты, аябай күлдүк”,-дейт ырчы Назми.
Мирлан Жетигеновдун белегине жана куттуктоо сөзүнө токтолуп: “Досум Мирландын берген белектери дайыма керегиме жарайт жана көпкө эсимде калат. Ал мага жети жыл мурда сандыкча сыяктуу кутучаны белекке берген. Ошону азыркыга дейре колдоном. Быйыл болсо ал "керегиңе жаратып ал" деп чоң суммадагы акча карматты”,- деп кошумчалады. Ошондой эле ырчы эң мыкты белекти - Мерседес Е 320 үлгүсүндөгү унааны жолдошунан жана жеңесинен 350 долларлык корей кремдеринин топтомун алганын айтты.