Москвада өткөн Нооруз майрамында Турсунбек Акун "Манас" айтты
21-мартта Москва шаарында Нооруз майрамына карата
майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин
жетекчилери, диаспора өкүлдөрү, ардактуу коноктор катышты. КРнын Орусиядагы элчиси
Болот Жунусов сөз сүйлөп, катышуучуларды, кыргызстандыктарды куттуктаганын
элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Майрамга карата сүмөлөк бышырууну колго
алган “Ала-Тоо айымдары” уюмунун өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышып, укук
коргоочу Турсунбек Акун “Манастан” үзүндү айтканы белгилүү болду.