Ош. Борбордук аянтта белгиленген Нооруз майрамына 11 миңдей адам катышты (фоторепортаж)

21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Анда 11 миңге жакын эл чогулуп,   салтанаттуу кечени Ош улуттук драма театрынын, Бабур театрынын жана Куурчак театрынын артисттери театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты.  

Салтанатка катышкан шаар мэри Айтмамат Кадырбаев элди Нооруз майрамы менен куттуктап: “Бүгүн кылым карыткан карт тарыхы бар ордолуу Ош шаарына кут келип, улуу-кичүү, кары-жаш дебей жаздын жакшылыктарынын, аруу тилектердин данакери болгон Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөө алдында турабыз. Урматтуу мекендештер, Ош шаарынын тургундары, сиздерди Ош шаарынын мэриясынын, жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бактылуу турмуш жана майрамдык маанай каалайм. Нооруз ар убак жергебизге ырыскы чачып, кубаныч тартуулап, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Чыгыш элдеринде, анын ичинде Ош шаарында Нооруз менен башталган жаңы жылды элибиз ар убак сүмөлөк кайнатып, аластап, Жараткандан жакшылыктарды тилеп тосуп келишкен”,- деп билдирди.

Салтанатка облус башчы Сооронбай Жээнбеков жана шаардагы бардык жетекчилер катышты.

“Мырзалар” тобу, Керим Турапов, Салима Балтаева жана башка ырчылардын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
PROS
2014-03-22 16:15:50
Коруучудон артисттер коп го бул жерде)))
+6
uran001
2014-03-22 16:20:36
Мелис мэр болгондо 3мин эл чогулду деп айтмак.
+16
happyfamily90
2014-03-22 16:42:54
Анан да жаны мэрибиз тиги тырмакчадагы созду бир саат мурун бир кайталап окуп койбоптур да кагазын теше тиктебей.
+12
mir89kg
2014-03-22 17:28:45
суроттон байкасам 1000ге жетпеген эл келген окшойт, студентерден сырткары!
+2
Ular2010
2014-03-22 17:37:29
Элибиз тынч болсун! Бийлике ишенич калбады.
+5
kakebrat
2014-03-23 01:05:04
Кыргыз элим тынч болсок болду,ошту менда суйом
+1
altyn421
2014-03-23 10:05:54
Байкадынарбы жалан катышуучуларды гана тартышыптыр,себеби эл аз келген....
0
aikow92
2014-03-23 11:26:01
Достоор, бардык нерсеге логика бар. Мен аянтка бардым, жакпады эле кетип калдым. бирок келгендердин катарына кошулуп калдым. Кабарчы тарткан суротко тушпой калдым. Мага окшогондор толтура. Ошто 11 мин адам жокпу? бар. Алардын баары кадрга батпайт да
0
ai_temir
2014-03-23 11:29:59
Туура, ноорузду бишкекте дагы майрамдашты. Элдик майрамда ырдап бийлеп жыргай бербейсинерби. Майрам суротко караганда сонун болуптур. Бишкектеги окшош, айырмаланбаган майрамга караганда.
-1
altinim
2014-03-23 16:23:54
чынында коруучулор болгон жок ,келгендер 10 мунотто калбай кетип жатышты))) мериянын аянтына салыштырмалуу Навои паркында эл коп чогулду.
+1
Zarlyk.322
2014-03-23 16:37:46
Byltyry Nooruzda el vooopwe kop bolgon ele,mairamdagandar ko4olordo,parktarda toltura el byiyl owonun 10-15%ele mairamdady.waarybyz suuuz jaz kelseda ko4olor 4aan,waardyk meri9ga e4 kimdin iweni4i,waarda janylyk boluwuna umuttu kalbady.
+1
Dodon
2014-03-23 19:56:40
11мин келсе эмне-3000келсе эмне.эл майрамдаганы келишти мерлер учун эмес.андан коро бири биринерди жаздын келиши менен куттуктасанар бири бирибиз менен ушундай майрамдарда чогулуп достошолу
0
admin_superstan
2014-03-24 09:44:25
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
happyfamily90, Laimbek, Arstan, limon, 5 күндөн БАН!
0
admin_superstan
2014-03-24 09:48:40
Ular2010, Laden, 2 күндөн БАН!
0
admin_superstan
2014-03-24 09:50:22
Made_in_Mama, tumarchik, Manasasman, талкуудан алыстабагыла. Эскертүү!
ai_temir, altinim, талкуудан алыс билдирүүлөрүңөр түзөтүлдү.
-1
Egen.Osh
2014-03-24 10:40:06
Ош Алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан