Бүгүн, 23-мартта Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын 6-сезонунун жарым финалынын 2-күнү өттү. Анда финалга жолдомо алуу үчүн “No name”, “Элестет”, “Нур”, “NutsТан”, “Вукинги”, “НКБ”, “Политех”, “Рота” курама командалары күч сынашты. "Видеосынак", "Ким тапан?" жана "Фристайл" сынактарында өнөрлөрүн тартуулашты.
"No name" "Фристайл" сынагында "Айрым мырзалар 8-мартта айымдарга белек берүүдөн качып, кыздардын кийимдерин кийип алышты. Ошол бойдон кийимдерин чечкенди унутуп калышыптыр" деп жаңы образда чыгышты. Айылдык жана шаардык кыздарды туурап, артыкчылыктарды санаган оюнчулар залга жагымдуу маанай тартуулай алышты.
"NutsТан" курама командасы аталган сынакта кыздардын 12 айда кийген кийимдерин мода аркылуу көрсөтсө, "Элестет" командасы Алмазбек Атамбаев менен Нурлан Мотуевдин образын чагылдырып келген Даниярды финалга өткөрбөөнүн айласын издешти. Данияр болсо "менсиз финалга өтө албайсыңар, анткени мен калыстар тобунун күлгөнүн туурап бере алам" деп көрүүчүлөрдү да, калыстар тобунун мүчөлөрүн да ынандырды.
“НКБ” курама командасы бул жолу "фишка" катары таенесин да чакырышыптыр. "Бул күлкүлүү болбосо, кийинкисине күлөсүңөр" деген таене залга кошумча көрк кошуп, шоу тартуулады.
Жыйынтыгында
"No name", "
NutsТан", "Элестет" командалары "Тамашоунун" 6-сезонунун финалына жолдомо алышты.
7-орун – “Вукинги”,
“Политех”
6-орун – “Нур”
5-орун – “НКБ”
4-орун – “Рота”