Москвада Нооруз майрамындагы гала-концерт кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда өттү

Мамлекеттик борбордук концерттер залында 22-март күнү Москванын өкмөтү жана КМШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн колдоосу менен, ошондой эле улуттук диаспоралардын катышуусунда шаарлар аралык Нооруз майрамы белгиленди.  

Иш-чарага  Кыргызстандын Орусиядагы элчиси, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын элчилигинин жетекчилери, 19 улуттун өкүлү катышты.

Майрам көргөзмө-жарманкелер, улуттук тамак-аштар жана гала-концерт менен коштолду. Анда кыргыз эстрада ырчыларынан Юлия Руцкая, Закирбек Дүйшөнбек уулу, Гүлжигит Калыковдор өнөрлөрүн тартуулашты. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ermekbaevna
2014-03-24 09:33:08
лев лещенкобу????????
0
batyrhan91
2014-03-24 10:13:22
моладцы
0
Jikos
2014-03-24 12:46:51
Татыктуулар барыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан