Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-мартта коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталат. Коалиция түзүү укугу ыйгарылган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдиришинче, жаңы коалициялык макулдашууга 11-апрелге чейин кол коюлушу керек. Айта кетсек, буга чейин иштеп келген коалиция курамдан “Ата Мекен” фракциясынын чыгып кетиши менен бузулган эле. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү боюнча КСДП фракциясына мандат тапшырган.