Кыргызстан жумуртка менен өзүн өзү 80 пайызга камсыздайт. Муну бүгүн, 24-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү билдирди. Маалыматка таянсак, ар бир кыргызстандыкка жылына 282 даана жумуртка туура келет.
Айта кетсек, Кыргызстан өзүн өзү сүт, картошка жана мөмө-жемиш менен 100 пайызга камсыздайт.