ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети 24-марттагы жыйынында Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоо боюнча Кыргызстан менен "Ислам" өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууну колдоду. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдимамат Мурзабековдун билдиришинче, аталган жолду оңдоого 21,32 миллион доллар насыя алынганы жатат. Насыяны төлөө мөөнөтү 25 жыл. Бул акчага 33 чакырым жол оңдолмокчу.