“Оштун жашоочулары мөмө-жемиштерин Кытайга сатууга жардам берүүнү суранышууда” дешти депутаттар

Оштун жашоочулары мөмө-жемиштерин Кытайга сатууга жардам берүүнү суранышууда. Муну бүгүн, 24-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди. Депутат Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерин Кытайга өткөрүү кыйынчылык жаратып жатканын айтат.

“Ош облусунун тургундары өздөрүнүн гиласын Кытайга экспорттоодо кыйналып жатышат. Мөмө-жемиштер бузулуп кетпеш үчүн логистикалык борбор куруу зарыл”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан