Парламент: Жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ушул аптада белгилүү болот

Ушул аптада жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгилүү болушу күтүлүүдө. Муну бүгүн, 24-мартта ЖКнын басма сөз кызматы КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго шилтеме берүү менен билдирди. Эскерте кетсек, өткөн аптанын соңунда “Ата Мекен” фракциясынын курамдан чыгышы менен коалициялык көпчүлүк бузулган эле. Андан кийин президент өкмөттү отставкага кетирип, жаңы коалиция түзүү укугун КСДПга берген. Жаңы өкмөттүн курамы 11-апрелге чейин белгилүү болушу мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан