26-мартта Бишкек гуманитардык университетинде Батыш өлкөлөрүнүн тили жана маданияты фестивалы өтөт.
Келген коноктор фестивалдын жүрүшүндө Европа цивилизациясы факультетинин студенттери тарабынан даярдалган АКШ, Улуу Британия, Италия, Германия, Австрия өңдүү өлкөлөрдүн маданияты, тили, ашканасы боюнча көргөзмөгө күбө боло алышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Улуу афроамерикалык айымдар тарыхта” деген аталышта ачык лекция окуйт. Аталган фестивалга Кыргызстандагы Германия, Австрия, Франция, Италиянын элчиликтеринин өкүлдөрү да катышышат.