Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн жумушчу топтор чек арадагы талаш жерлерди талкуулады. Муну коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 24-мартта билдирди. Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөр 17-марттан 20-мартка чейин Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарында өттү. Жакын арада тараптардын талаш туудурбаган чек ара тилкелери боюнча макулдашууга кол коюшу күтүлүүдө.