Кыргызстанда дипломатиялык жана кызматтык паспортту берүүдө, колдонууда жана кайтарып берүүдө мыйзам бузгандарга карата жазаны күчөтүү маселеси каралууда. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 24-мартта ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинде жактырылды.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев көпчүлүк аткаминерлер кызматтан кеткенден кийин деле дипломатиялык паспортун колдонуп жүрүшкөнүн айтты.
Депутаттар диппаспорт берүүнүн жол-жобосун катаалдаштыруу керектигин сунушташты.