Курманбек Осмонов “судьялар эл тарабынан шайланышы керек” дейт

ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 24-марттагы жыйынында депутаттар судьяларды элдин тандоосу менен гана ишке алуу нормасын киргизүүнү сунушташууда. Муну депутат Курманбек Осмонов айтты. “Мурда ушундай практика бар болчу, мен өзүм да ушундай жол менен өткөм”,- дейт депутат. Осмонов Сотторду тандоо кеңеши тарабынан бекитилген судьялардын ишине көпчүлүк нааразы экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Курманбек Осмоновго “Кумтөр” маселеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 1992-2009-жылдар аралыгындагы зыяндуу келишимдер боюнча, “коррупция” беренеси менен күнөөлөнүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан