Тынчтык Шайназаров: “Каржы министрлигине качан кайрылба, дайыма “акча жок” деген окшош жооп аласың”

“Каржы министрлигине качан кайрылба, дайыма “акча жок” деген окшош жооп аласың”,- дейт депутат Тынчтык Шайназаров ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 24-марттагы жыйынында. Айтымында, акча жок эмес, аталган министрлик акча бөлүүнү каалабайт.

“Сот департаменти – соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн орган. Анын имаратын оңдош керек, бирок бул жасалган жок. Эмне үчүн акча жок? Бакиевдердин мурдагы жакындарынын конфискацияланган мүлктөрү жатат. Эмнеге алар сатылбайт?”- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан