Депутаттар экс-министр Равшан Сабировду эркинен ажыраткан судьяны жоопко тартууну сунушташты

ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 24-марттагы жыйынында депутаттар мурунку социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировго карата чыккан өкүмдү парламент жыйынында кароону сунушташты. Депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, экс-министрге мыйзамсыз чечим чыккан жана ага өкүм чыгарган судья жоопко тартылышы керек. “Сабиров мунапыс аркылуу бошотулду, бирок ага карата чыгарылган мыйзамсыз чечим үчүн ким жооп берет?”- дейт депутат.

Эскерте кетсек, Курманбек Осмоновго “Кумтөр” маселеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 1992-2009-жылдар аралыгындагы зыяндуу келишимдер боюнча, “коррупция” беренеси менен күнөөлөнүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан