Экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган инисинин уулу Эрмек Исаков Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн үчүнчү катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу документ интернетке жарыяланды. Маалыматка таянсак, КРнын Тышкы иштер министрлиги аталган кызматты ээлеген адамдын Манхеттендеги үйү жана маянасы үчүн мамлекеттик бюджеттен айына 2,3 миң доллар бөлөт.
Эрмек Исаков КРнын Германия, Дания жана Норвегиядагы элчиси Болот Отунбаевдин уулу.