Кыргызстандагы канаттуулар чарбаларында абал оор

Кыргызстандагы канаттуулар чарбаларында абал оор. ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 24-марттагы жыйынында “КРнын канаттууларды өстүрүүчү чарбаларынын абалы жөнүндө” ЖКнын депутаттарынын кайрылуусу каралды. "Канаттуулар чарбалары" ассоциациясынын жетекчиси Рустам Осмоналиевдин билдиришинче, бул тармакка олуттуу көңүл бурулбай жатат, көйгөй көп. Эксперттер шек туудурган тоок жумурткаларынын импорттолушу барган сайын өсүп жатканын билдиришти. Сырттан кирип жаткан канаттуулардын эти менен жумурткага чектөө киргизүү зарыл. Депутаттар бийлик бул тармакка колдоо көрсөтө электигин айтышты. Бул маселе комитеттин кийинки жыйынында кайрадан каралмай болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан