Бүгүн, 24-март - Кыргызстанда президент Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган күн. Авторитардык режимге каршы көтөрүлүп чыккан эл 2005-жылдын 24-мартында февраль айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, одоно мыйзам бузууга барган бийликти тактыдан оодарган. Акаевдик режимдин кулашына 2005-жылкы парламенттик шайлоо акыркы себеп болуп бергени маалым.
Борбордук "Ала-Тоо" аянтына өлкөнүн ар тарабынан келген карапайым калк топтолуп, президенттин отставкасын талап кылышкан. Ага чейин жерлердин жең ичинен сатылышы, туура эмес кадрдык саясат, мамлекеттик башкарууга президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн аралашуусу өңдүү каталар элдик чыңалууга алып келгени факт. 2002-жылкы Аксы окуясы, ага күнөөлүүлөрдүн жазаланбаганы да президентке болгон элдин ишенимин жоготкон. 2002-жылы Үзөңгү-Кууштун Кытайга сатылып кетишине, депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына каршы чыккан аксылыктарга акаевдик бийлик ок чыгарып, андан 6 адам каза тапканы белгилүү.
Элдик толкундоонун сүрүнөн тайсалдап, Аскар Акаев президенттик креслосун таштап, өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, өлкөнү жаңы бийлик башкара баштайт. Ал бийликтин тушунда, 2008-жылдан кийин 24-март календарда кызыл менен белгиленип, "Элдик революция күнү" деп майрамдалып келип, 2011-жылы ЖКнын депутаттарынын сунушу менен бул күн "Элдик революция күнү" деген статусун жоготкон.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев 2010-жылдын 7-Апрель окуясынан кийин 24-мартты революция күнү деп эсептөөнүн зарылчылыгы жок экенин айткан. Мындан кийин парламент атайын чечим кабыл алып, андан бери бул күн календарда кызыл эмес.