Кыргызстан менен Пакистандын элчилери Нооруз майрамынын алкагында эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошорун билдиришти

22-мартта Пакистан Республикасындагы кыргыз элчилиги тарабынан аталган өлкөдө Нооруз майрамы өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Пакистандын экс-элчилери Назар Аббас, Танвир Хаскели жана аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. 

КРнын Пакистан Республикасындагы элчисинин милдетин аткаруучу К.Токторбаев жана Пакистан Республикасынын ТИМиндеги Орто Азия мамлекеттик департаментинин башкы директору Тарик Икбал Сумро куттуктоосун жолдошту. 

Ал ортодо эки тараптын катышуусунда сүйлөшүү жүрүп, өкүлдөр Кыргызстан менен Пакистандын өнүгүшүнө болгон мүмкүнчүлүктү жумшаарын билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bossmos7
2014-03-24 21:34:54
Билбейм неге ушул мамлекет менен алака тузулгонун???Кереги жок болчу озу!Озу жарыбаган мамлекет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан