Ирлан Таалайбеков "Энекелер, ай" деген ырына клип тарттырып, элге тартуулады. Анда башкы каармандардын ролун
Болот Тилек жана ырчынын жубайы
Аида ойноптур. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 24-мартта
SUPER.KG порталына билдирди.
"Клиптин режиссёру - Эламан Акбаев. Аталган чыгарма борборубуздагы 15-бейтапканадан жана үйдөн тартылды. Бул чыгармада жалпы энелердин түйшүгү сүрөттөлөт. Башкача айтканда, үйүнө кызуу келген эркек уктап жатып түш көрөт. Түшүндө аялдын жумуштарын аткарып, ал гана эмес, төрөтканага да түшүп калат. Дал ушул жерине келгенде ал чочуп ойгонуп, аял түйшүгү оор экенин билип, аларды сыйлоого өтөт.
Каармандар тууралуу айта кетсем, башында кыздын ролуна башканы тандаган элек. Бирок тарта турган күнү анын жумуштары чыгып калып, келинчегимди тартууга туура келди. Бул Аиданын алгачкы эмгеги десем болот. Монтаждагандан кийин көрүп алып "мен начар тартылып калыптырмын, чыгарбай эле кой" дейт. "Сонун эле болуп турасың" деп эптеп көндүрүп, элге тартуулап отурабыз. Эми Аиданын кандай аткарганын көрүүчүлөр өздөрү баалашат да",- дейт клиби тууралуу ырчы.