Бишкекте 27-апрель күнү “Кызыл гвоздика” фестивалынын 2-туру өтөт

Бишкекте 27-апрель күнү “Кызыл гвоздика” фестивалынын 2-туру өтөт. Кароо-сынак Бишкектин жана Чүй облусундагы Ата Мекендик согуштун жана эмгек ардагерлеринин арасында жүргүзүлөт. Фестиваль Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган. 

Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясы жана “Кызыл гвоздика” коомдук биримдиги уюштурууда. Юбилейге 300гө чукул адам катышат. Алар 58 жаштан өткөн өз демилгелүү артисттер. 

Мындан тышкары "Русская душа", "Красная гвоздика", "Дуслык", "Прялица", "Радуга", "Ветеран" аттуу топтор катышат. Сынакта вокалдык-хор музыкасы, жеке аткаруу, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо өңдүү номинацияларда ат салышат.

5-фестивалдын 1-тандоо туру борбор калаада 1-14-мартка чейин болгон. Ал эми гала-концерт 6-майда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өткөрүлүшү белгиленүүдө. Конкурста биринчи, экинчи, үчүнчү орунду алган жеңүүчүлөрдү акчалай сыйлык жана белектер, дипломдор күтөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан