14-марттан 21-мартка чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына 171 кайрылуу түштү. Алардын 79у каттоого алынып, 56сына тийиштүү чара көрүлдү. 23 кайрылуу каралып жатканын билдирет мэрия. Кайрылуулардын көпчүлүгү электр энергиясы боюнча болгону айтылды.