27-Март - Эл аралык театрлар күнүнө карата студенттик театрлардын 5-фестивалы өтөт

27-Март - Эл аралык театрлар күнүнө карата Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус-славян филология факультети студенттик театрлардын 5-фестивалын уюштурууда. Иш-чара англиялык белгилүү драматург Ульям Шекспирдин 450 жылдыгына арналат.

"Студенттик театралдык фестиваль – маданиятка бай программа жана кызыктуу баарлашуу, ушундан улам ага катышууга студенттик жана мектеп жамааттарын чакырдык",- дешет уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 27-мартта саат 12:00дө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин №5-окуу бөлүмүндө өтөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан