27-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Эл аралык театрлар күнүнө карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КРнын Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага республикадагы театрлардын жана цирктин чыгармачыл жамааттары катышат. Аземде КРнын Маданият жана туризм министри С.Раев театр кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырмакчы.
Белгилей кетсек, иш-чара 27-мартта саат 15:40та башталат.