Жаңы коалициянын курамы көпчүлүккө күтүүсүз болушу мүмкүн. Муну бүгүн, 25-мартта КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди. Айтымында, фракция лидерлери менен сүйлөшүү жүрүп, айрымдары өзүнүн болжолдуу сунуштарын айтышты.
“Бүгүн Феликс Куловдон сунуш алдым. Эми башка фракциялардын сунушун күтүп жатам. Алардын позицияларынан кийин коалиция түзөбүз”,- деди Турсунбеков.
Турсунбеков жаңы коалициянын курамы боюнча бир жыйынтык айтуу эрте экенин билдирип: “Ага 3 же 4 фракция кирет деп айтууга эрте. Коалициянын курамы күтүүсүз болуп калышы да мүмкүн”,- деди.