Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-мартта ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселеси талкууланды. А.Атамбаев Кыргызстандагы футболго колдоо көрсөткөнү үчүн Блаттерге ыраазычылык айтты. Маалыматты Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.