Анарбек Калматов (ЖКнын депутаты, сүрөттө) премьер-министр болгусу келет, бирок “Ар-намыс” фракциясы аны сунуштаган жок. Муну фракция лидери Феликс Кулов бүгүн, 25-мартта маалымат булактарына билдирди. Калматовдун талапкерлиги айрым депутаттык топтордо сөз болгону айтылды.
“Анарбек Калматов министрлер кабинетин жетектегиси келгенин айтты. Эгер анын татыктуу программасы болсо, эгер ал өзүнө ишенсе, эмне үчүн болбосун? Бирок фракция аны сунуштаган жок. Премьер-министрликке талапкерди коалиция түзүү укугу берилген фракция аныктайт”,- дейт Кулов.