Парламенттеги “Ар-намыс” фракциясы жаңы түзүлө турган коалициялык көпчүлүккө кирет. Муну бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына аталган фракциянын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди. Депутаттын айтымында, фракция жаңы коалицияга кирүү боюнча чечим кабыл алды.
“Ар-намыс” коалицияга кире турган болду. Бирок өкмөттүн курамы, премьер-министрликке талапкер боюнча фракция чечим кабыл ала элек. Анарбек Калматов талапкерлигин сунуштаганын уктум, өзү менен сүйлөшө элекмин. “Генерал болууну самабаган солдат - солдат эмес” деген сөз бар го. Анын сыңарындай, депутат да өз каалоосун айтса керек. Эгер “өкмөт башчы болом” десе, Калматовдун программасын угуп көрүшүбүз керек. Процедура боюнча, өкмөттүн курамы фракцияда эми каралат”,- деди Алтыбаева.